О нас

Мектептин тарыхы

№2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектеби Бишкек шаарынан 45 км алыстыктагы Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл аймагындагы Виноградное айылында жайгашкан. Мектеп 1965-жылы салынып ишке берилген,эки кабаттуу. Электр жылыткычтары менен жылытылат.450 окуучуга ылайыкталган азыркы учурда 1128 окуучу билим алат.Окутуу эки тилде окутулуп,эки мөөнөттө сабактар өтүлөт. Окутуп-тарбиялоодо 47 мугалим эмгектенет. Окутуучулардын  80% жаш кадрлар болуп эсептелет.1990-жылдарга чейин орус,немец улутундагы жергиликтүү  калк көчүп кетишип ордуна Тажикстан,Өзбекстан республикасынан көчүп келген этникалык кыргыздардын жана ички мигранттардын балдары окуп билим ала башташкан.Баштан өткөн кыйынчылыктар диалектикалык  тил өзгөчөлүгү болуп адабий тилде көп окутууга ,сүйлөө речин өстүрүүгө,катасыз жазууга өзгөчө көңүл бурулду.Тарбия ишинде мугалимдер окучуларды ар бир улуттун каада-салтын,улуттук маданиятын,тилин,динин,жеке инсандык касиетине аяр мамиле жасоого тарбиялайт.Билим сапатын жогорулатуунун үстүндө көп эмгектер жумшалды.Тажикстандагы улуттар аралык келишпестиктен келип чыккан жаңжалдардын кесепетинен мектеп жашындагы балдар мектепти толук окуп бүтпөй калган окуучулар үчүн коррекциондук класс ачылып негизги орто билими жөнүндөгү күбөлүк,жалпы орто билими жөнүндөгү аттестаттар берилген. 30 жыл аралыгында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп азыркы учурда билим алууга умтулушууда. Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планы менен ишмердүүлүгүн жүргүзөт.Окуучулардын билим алышы үчүн имараттын абалы канааттандыраарлык 20 окуу кабинети,химия,физика сабактарына лабараториялык кабинет,спорт зал,актовый зал,80 отургучтуу тамак иче турган зал,ашкана,информатика кабинети 14 компьютер,плазмалык телевизор,проектор менен жабдылган ,китепкана,усулдук  кабинет,мед кабинет,соц педагогдун кабинети,окуу бөлүм башчыларынын кабинети,котельный жайгашкан.Ашкана толугу менен “Mерсико” уюму жана айыл өкмөтүнүн салымы менен ремонттолуп керектүү эмеректер менен камсыз болгон.Окуучулардын тамагын жакшыртуу үчүн тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 80 түп алма бак отургузулуп тегереги курчалган. Мектеп китепканасынын фонду жаңы китептер менен толукталууда,электондук сайтка киргизилди.Мектепте комузчулар,кол өнөрчүлүк боюнча ийримдер иштейт.

Ден-соолугунан жабыркаган окуучулар үчүн күндүзгү “АК-шоола балдар борбору “Кыргыз Республикасынын  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик социалдык заказынын негизинде ачылып 27 окуучуга инклюзивдик билим берилет.

Балдарды Коргоо Борборунун  демилгеси менен “Илимдеги кыздар” долбооруна 8-9-10-11-класстын кыздары катышып ЖРТ га даярдык көрүшүүдө.

Зордук-зомбулукту токтотуу максатындагы “Теңдик  нуру ”долбоору менен иштеп ыраазычылык катка,30 миң сомдук сертификатка ээ болушту.

Зордук –зомбулукту токтотуу максатында “ГАЛСтын”ыкмалары менен да мугалимдер арасында сабактар ,класстык сааттар өтүлүүдө.

Мектептин өнүктүрүү планында пландаган иштерден 2018-2019-окуу жылында Каржы министрлигине долбоор жазылып терезелер толугу менен пластикке алмаштырылды.

2020-2021-жылы Чуй облусунун өнүктүрүү фондуна мектептин чатырын жана айланасын тосуу үчүн долбоор жазылып ишке ашырылды.

Жергиликтүү бюджеттин камсыздоосу менен 27 жылыткыч батареялары ,электр зымдары,электр точкалары алмаштырылды.

Демөөрчүлөр тарабынан 8 даана видео байкоо,түстүү телевизор берилди.

“NAMА” фондусунан 2 ноутбук белекке берилди.

Мектептин веб-сайты ачылды,интернетке туташкан,ИСУОну жаңылап толтурууга жоопкерчиликтүү мугалим дайындалып буйрук чыгарылган.Электрондук күндөлүк менен иш алып барууну жолго салуудабыз.Камкордук кеңешин ачуу боюнча комиссия түзүлүп керектүү иш кагаздарын ишке ашыруудабыз.

 

 

О нас