Новости

3-апрелден 14-апрелге чейин гуманитардык сабактардын декадасы өткөрүлдү. География, биология, тарых, химия, табият таануу сабактарынын мугалимдери ачык сабактарды, сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, декаданы майрамдык иш-чара менен жыйынтыкташты.
16.04.2023 40
Апрель Элдик революциясы ― 2010-жылдын апрель айында ал учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан болгон бийлик алмашуу. 7-апрель Элдик революция күнүнө карата класстык сааттар өтүлүп, 7-в класстын окуучулары эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чараны даярдаган мугалим: Имомидин кызы Айчүрөк.
16.04.2023 46
Аламүдүн районундагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн «Мен кыргызмын жана аны менен сыймыктанам» аттуу конкурс өткөрүлүп, №2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектебинин 8-классынын окуучусу Исматов Кутман музыкалык аспапта ойноп 3-орунга ээ болду. 5-класстын окуучусу Бараталиева Үмүтай вокал боюнча катышып, грамота менен сыйланышты.
16.04.2023 53
«Жоокер ыры 2023» Аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча 8-республикалык кароо-сынагына 11-б класстын окуучусу Абдилахатов Эламан катышып, билим берүү министрлигинин грамотасы менен сыйланды.
16.04.2023 33
Урматтуу достор, 13-марттан 25-мартка чейин «Тилектештик автобусу» юридикалык жардам акциясы өткөрүлөрүн жарыялайбыз. Айрыкча аймактарда көп адамдар өз укуктарын билишпейт. Мына ушул көйгөйлөрүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы «Тилектештик автобусу» акциясын уюштуруп жатат. Эн мыкты, тажрыйбасы мол юрист адвокаттар жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү социалдык көйгөйлөрдү кантип чечүүнүн жолдорун бекер айтып […]
16.04.2023 34
Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери №2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, рекетчиликтин алдын алуу жөнүндө Аламүдүн районунун прокурору Тенизбаев Чынгыз Болотбекович, райондук ички иштер бөлүмүнүм башчысы Эркинбаев Нурлан Майрамбекович жана Мухамедова Наргиза Болотбековна лекция окушту. Прокурор Тенизбаев Чынгыз Болотбекович «эң жакшы» окуган окуучуларга белектерди тапшырды.
16.04.2023 37
Нооруз майрамына карата 9-класстын окуучулары «Кыз-жигит сармерден» концерттик программасын окуучуларга жана мугалимдерге тартуулашты. Кыз жигиттер макал, жаңылмач айтышып, ыр ырдашып, кыргыздын улуттук каада-салттарын, улуттук оюндарын көрсөтүштү.
16.04.2023 40
Апрель Элдик революциясы ― 2010-жылдын апрель айында ал учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан болгон бийлик алмашуу. 7-апрель Элдик революция күнүнө карата класстык сааттар өтүлүп, 7-в класстын окуучулары эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чараны даярдаган мугалим: Имомидин кызы Айчүрөк.
16.04.2023 33
Нооруз майрамына карата 9-класстын окуучулары «Кыз-жигит сармерден» концерттик программасын окуучуларга жана мугалимдерге тартуулашты. Кыз жигиттер макал, жаңылмач айтышып, ыр ырдашып, кыргыздын улуттук каада-салттарын, улуттук оюндарын көрсөтүштү.
21.03.2023 38
Васильевка айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган Нооруз майрамына №2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдери активдүү катышып, эң мыкты улуттук тамак-аштарды даярдап 3-орунга татыктуу болуп, акчалай сыйлыкка ээ болушту.
21.03.2023 37
Окуу керемет долбоорунун алкагында «Атам, апам жана мен, үйрөнөбүз китептен» үй-бүлөлүк китеп окуу конкурсу башталгыч класстар арасында өткөрүлдү. Конкурска 3-4-класстардын окуучулары үй-бүлө мүчөлөрү менен катышышты. Окуучулар өздөрү тандап алган китеп боюнча ролдоштуруп окуп, айтып беришти, сүрөт тартышты. 1-орунга 3-б классынын окуучусу Ибраимова Акбермет, 2-орунга 3-г классынын окуучусу Абдималикова Бүбүзейнеп, 3-орунга 4- в классынын окуучусу Нурдинова […]
21.03.2023 41
22-март Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Окуучулар суу жөнүндө дубал газета чыгарып, сүрөттөрдү тартышты. 3-в классынын мугалими Аманликова Гулзада Төрөкуловна окуучулары менен эң мыкты деңгээлдеги концерттик программа тартуулашты.
21.03.2023 53
1 / 41234