Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

№2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектеби Бишкек шаарынан 45 км алыстыктагы Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл аймагындагы Виноградное айылында жайгашкан. Мектеп 1965-жылы салынып ишке берилген.1990-жылдарда немец,орус улутундагы жергиликтүү калк көчүп кетишип ордуна  Тажикстан,Өзбекстан республикасынан көчүп келген этникалык кыргыздардын жана ички мигранттардын балдары окуй баштаган.Баштан өткөн кыйынчылыктар диалектикалык тил өзгөчөлүгү болуп  адабий тилде окутууга  басым жасалды.  Тажикстандагы согуштун кесепетинен мектепти толук окуп бүтүрбөй  калган мектеп жашындагы окуучулар үчүн коррекциондук класс ачылып негизи орто билими жөнүндөгү күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндөгү аттестаттар берилген. 30-жыл аралыгында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп азыркы учурда билим алууга умтулушууда. Мектеп эки тилдүү, кабыл алынган Уставдын негизинде жана мектептин ѳнүгүшүнүн концепциясына ылайык иш алып барат.  МГ ОТКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн , демократиялуулуктун, ачыктыктын, жалпы адамзаттын баалуулуктарынын приоритетинин принциптерине туура келет.

Васильевская сош №2 находится 45 км от города Бишкек Аламудунском районе в Васильевском айыльном округе в селе Виноградное.Школа построена 1965-году и сдана экспулатацию.1990-году местные жители русской и немецкой национальности переехали в место них начали учится дети этнических  кыргызов с Тажикстана ,Узбекистана и внутренние мигранты Кыргызстана.