Кружки и секции

        РАСПИСАНИЕ КРУЖКОВ

 

ВремяПонедельник Вторник Среда Четверг Пятница Суббота
С 10:00 до 14:05  Комуз Комуз Комуз Комуз
С 14:00 до 18:15Волейбол Волейбол   Баскетбол Баскетбол

 

Ийримдер

Бүгүнкү күндө №2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектебинде балдардын жөндөмүн аныктап,талантын ачууга жана бош убактыларын туура пайдаланууга атайын волейбол,баскетбол,кол өнөрчүлүк жана комуз кружоктору уюштурулган.Бул ийримдердин негизги максаттары окуучулардын бош убактыларын текке жумшабастан керектүү нерселерди үйрөнүүгө жардам берет.Баланын кызыгуусун арттыруу,чеберчилигин,талантын ачуу жана аны жашоосунда андан ары колдонуп,улантып кетишине көмөк берүү биздин милдетибиз.

Комуз ийрими.

Акыркы учурда ата-энелердин арасында балдарынын,кыздарынын музыкалык талантын ойготуп,өнүктүрүүгө кызыгуу артууда.Ошондуктан шаардан алыс жерде жайгашканыбызга карабастан,кружок жетекчиси Бишкек шаарынан жумасына төрт жолу келип,балдарга комузда ойногонду үйрөтөт.Комузда ойноо аркылуу баланын руханий дүйнөсү байып,адеп-ахлактык жагынан жан дүйнөсүн байытат.

Кол өнөрчүлүк.

Айыл жергесинде жашагандыктан окуучу кыздардын арасында кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучу кыздардын саны көп.Өзгөчө кийизден түрдүү буюмдарды,куурчактарды,жаныбарлардын сувенерлерди жасаганга кызыгышат.Андан тышкары түрдүү казаздардан ар түрдүү буюмдарды жасашат.

Волейбол,баскетбол.

Жогорку класстын окуучуларынан түзүлгөн волейбол жана кыздар командасынан түзүлгөн баскетбол командалары бар.Окуучулар бош убактыларын текке кетирбестен спорт менен машыгуу аркылуу сергек жашоону калыптандырып,ден соолуктарын чыңдашат.

Волейбол-топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну.Волейбол менен машыгуу аркылуу балдар тез жана так реакция жасоону,шамдагайлыкты,көз менен болжолдоону өөрчүтөт,кыймыл координацияларын жакшырта алышат.

Баскетбол ойноо балдардын таяныч-кыймыл аппараттарын өнүктүрөт жана бекемдейт.Дем алуу ,жүрөк кан-тамыр системасынын функциясын,кыймыл координациясын жакшыртат.Организмдин күчү жана чыдамкайлыгы өсөт.

 

 

Кружки и секции

 

Кружки и секции Кружки и секции Кружки и секции