3-апрелден 14-апрелге чейин гуманитардык сабактардын декадасы өткөрүлдү. География, биология, тарых, химия, табият таануу сабактарынын мугалимдери ачык сабактарды, сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, декаданы майрамдык иш-чара менен жыйынтыкташты.
Апрель Элдик революциясы ― 2010-жылдын апрель айында ал учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына нааразычылыктан болгон бийлик алмашуу. 7-апрель Элдик революция күнүнө карата класстык сааттар өтүлүп, 7-в класстын окуучулары эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чараны даярдаган мугалим: Имомидин кызы Айчүрөк.
Аламүдүн районундагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн «Мен кыргызмын жана аны менен сыймыктанам» аттуу конкурс өткөрүлүп, №2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектебинин 8-классынын окуучусу Исматов Кутман музыкалык аспапта ойноп 3-орунга ээ болду. 5-класстын окуучусу Бараталиева Үмүтай вокал боюнча катышып, грамота менен сыйланышты.